Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Павлюктун өлүмү боюнча соттук иликтөө аяктады


Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча соттук иликтөө аяктап, тараптардын жарыш сөзү башталды. Бул тууралуу соттолуучулардын адвокаты Айгүл Ербулекова билдирди деп маалымдайт KирТАГ агенттиги. Соттун өкүмү ушул айдын аягында чыгарылышы мүмкүн.

Павлюк эс учун жоготкон абалда 2009-жылдын декабр айында Алматы шаарында табылып,ооруканада жатып көз жумган. Казак полициясы журналист 6-кабаттан буту-колун таңылып туруп ыргытылганын билдирген. Маркумдун жакындары менен ал кездеги оппозиция анын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгонун айтып чыгышкан. Бул кылмышка шектүү деп айыпталып жаткандар үчөө. Алардын бири - Кыргызстандын жараны, УККнын мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов. (RK)

XS
SM
MD
LG