Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Йемендин президенти Салех Санаага кайтып келди


Йемендин мамлекеттик сыналгысы Cауд Аравияда үч айлык дарылануудан кийин президент мекенине кайтып келгенин көрсөттү.

Президент ушул жылдын июнь айында бийликке каршы чыккандардын колунан жарадар болгон. Эр-Рияд шаарында Салех менен чогуу ага жакын бир нече киши дарыланды. Йеменде президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразылык митингдери уланууда.

Өткөн жекшембиде өкмөттүк күчтөр менен эл тарабына өткөн мурдагы аскерлердин ортосунда кармаш күчөп, Санаада кеминде 80 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG