Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Жарыктан ылдам кыймылдаган бөлүкчө табылганы жарыяланды


Женевада жайгашкан Европа уюмунун ядролук изилдөөлөр борборунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөлөр нейтрино деп аталган атомдук эң майда бөлүкчөлөр жарыктан да ылдам кыймылдарын тастыктоодо. Окумуштууларда көптөгөн эксперименттердин жыйынтыгы болгону менен аны илимий ачылыш деп атаганга даабай турушат.

Эгер бул ачылыш илимий жактан тастыкталып таанылса, теориялык физиканын атасы Альберт Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы чоң түзөтүүгө учурашы мүмкүн. Буга чейинки эсепсиз изилдөөлөрдө жарык ылдамдыгынан тез кыймылдаган эч кандай зат аныкталган эмес.

Альберт Эйнштейн 1905-жылы ачкан салыштырмалуулук теориясы боюнча ааламда жарыктын ылдамдыгынан өткөн күлүк жок.
XS
SM
MD
LG