Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

Бабанов шайлоо өнөктүгү аяктаганча премьер-министрдин милдетин аткарат

Бул тууралуу премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы мындай чечимин мамлекеттик кызматтагылар шайлоо процессине катыша албагандыгы менен түшүндүрдү. “Мен шайлоо аяктаганга чейин, 1,5-2 айга өргүүгө кетип жатам. Бул аралыкта өкмөт башчысынын милдеттерин Өмүрбек Бабанов аткарып турат”,-деди премьер-министр.

Атамбаев шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин кызматына кайтып келерин жана ишин мурдагыдан да жигердүү улантарын айтты.

Ал 2011-жылдын 30-октябрында өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары ат салышууда. (ЕК)
Куржундар
XS
SM
MD
LG