БШК бүгүн каттоодон өткөрбөй койгон 3 талапкердин бири, ЭрК партиясы аркылуу президенттикке көрсөтүлгөн Турсунбай Бакир уулу Боршайкомду сотко берерин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын ага койгон кол топтоого байланыштуу дооматтары негизсиз.
Турсунбай Бакир уулу БШК аны маарадан кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн алып койду деп эсептеп, бул “саясий чечим болду” деген бүтүмдө. Талапкер кол топтоо тизмесинде эч кандай калпыстык кетирилбегенин билдирүүдө.
Кыргызстанда талапкерлерди каттоо соңуна чыкты. 30-октябрдагы шайлоого 20 адам барат. Үгүт иштери 25-сентябрда башталат. (ЕК)