Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Исламабад “Хаккани” менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк жетпей жатканын ырастады


Пакистандын премьер-министри Юсуф Раза Гилани АКШ администрациясынын дарегине Исламабад Ооганстандагы согушкерлерди колдоп жатат деген билдирүүсүнө байланыштуу сындаган билдирүү таратты. Мурдараак Вашингтон Пакистан бийлигин “Хаккани” экстремисттик бирикмесине натыйжалуу каршы турууга чакырган эле.

Мындан мурдараак Кабулда бир нече мекемелерге согушкерлердин кол салуусу болуп, анан ичинде АКШнын элчилиги да бар болчу. Бул кол салууга Ооганстанда жана Пакистандын түндүк-батыш аймагында да лагерлери жайгашкан “Хаккани” экстремисттик уюмунун жоопкер экени айтылган.

Пакистан бийлиги “Хакканинин” куралдуу экстремисттик согушкерлерине каршы турууда каражат жана күч жетишпей жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG