Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Саудияда аялдарга шайлоо укугу берилет


Бул тууралуу падыша Абдалла өлкөнүн консультативдик органы - Мажлис аш-Шуранын жыйынында жарыялады. Падышанын чечимине ылайык, 2015-жылдан тарта аялдарга добуш берүү, ошондой эле бийликтин жергиликтүү органдарына шайлануу укугу ыйгарылмакчы. Ал эми 2013-жылдан тарта алар Мажлис аш-Шуранын курамына дайындала алат. Бул органдын мүчөлөрүн падыша өзү дайындайт. Саудияда аялдарга шайлоо укугу берилүүсү үчүн активисттер узактан бери күрөшүп келишкен. Ал аялдар саясий укуктан ажыратылган жалгыз мусулман өлкөсү болчу. Саудияда аялдардын автоунаа айдоосуна да тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG