Кыргызстанда жаңы бийликтин орношу менен энергетика тармагындагы жоготуулар кескин кыскарды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Роза Отунбаева бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык жыйында билдирди. 11 өлкөдөн келген 130 адис отун-энергетика тармагындагы ачыктыкты камсыздоо маселесин талкуулап жатышат. Президент Роза Отунбаеванын айтымында, "үй-бүлөлүк, кландык режимдин кулашы менен электр энергиясын бөлүштүрүүдөгү жоготуулардын көлөмү Кыргызстанда 39 пайыздан 22 пайызга чейин кыскарды". (RK)