Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

БУУда Кыргызстан боюнча добуш берүү 13-октябрда болот


БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу боюнча Кыргызстандын арызы 13-октябрда добушка коюлат. Бул тууралуу бүгүн президент Роза Отунбаева Нью-Йоркко иш сапары боюнча брифингде маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстандын негизги атаандашы Пакистан болууда. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан 127ден кем эмес добуш алуусу зарыл. Бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөр Нью-Йоркто азыр да уланып жатат. Бир жылдык мөөнөткө туруктуу эмес мүчө болуу өлкө үчүн саясый жана социалдык жактан мааниси зор. БУУнун Коопсуздук кеңешине 15 өлкө мүчө. Алардын бешөө туруктуу, ал эми ону туруктуу эмес деген статуска ээ.(RK)

XS
SM
MD
LG