Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Мушкерлердин Бакы чемпионаты чатак менен коштолууда

Бокс боюнча Бакыда өтүп жаткан дүйнө чемпионаты чоң чатак менен коштолууда. Баку чемпионатынын жеңүүчүлөрү 2012-жылы Англияда өтчү Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. Би-Би-Си телеканалы Азербайжан бийликтери келерки жылы болчу Олимпиадада эки мушкери алтын медаль жеңүүсү үчүн Эл аралык бокс ассоциациясына 9 миллион доллар төлөгөнүн жазып чыккан. Азербайжандын өзгөчө кырдаалдар министри, республиканын бокс федерациясынын төрагасы Камалиддин Гейдаров Би-Би-Синин маалыматын дүйшөмбү күнү жергиликтүү маалымат булактарына жарыяланган билдирүүсүндө калп деп атады.
XS
SM
MD
LG