Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

“Бир дүйнө Кыргызстан” фестивалы башталды


“Бир дүйнө Кыргызстан” даректүү тасмалардын V фестивалы 27-сентябрдан 2-октябрга чейин Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында өтөт. Анда аялдар жана балдар укуктары, коррупция, жарандардын өз укуктарын билүү укугу, экологиялык коопсуздук темалары боюнча тасмалар сунушталат. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, фестивалдын ачылышына президент Роза Отунбаева катышат. Аталган фестивалдын координатору Фарида Абдылдаеванын “Азаттыкка” айтымында, быйыл жалпысынан 29 даректүү фильм көрсөтүлөт. Алардын ичинен 15и эл аралык, 14ү кыргызстандыктардыкы.

“Бир дүйнө Кыргызстан - 2011” фестивалы 4-октябрдан тартып бардык аймактарды кыдырат. Иш-чара “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун колдоосунда өткөрүлгөнү жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG