Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:12

Коргоо кеңеши шайлоо коопсуздугун карайт


Президенттин маалымат кызматы , бүгүн Коргоо кеңеши шайлоо маалындагы коопсуздук маселелерин жабык талкууларын “Азаттыкка” билдирди. Жыйынга күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышат.

Президент Роза Отунбаева “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндөгү” жардыкка 19-январда кол койгон. Ага ылайык, мурдагы Коопсуздук кеңеши ордуна Коргоо кеңеши түзүлүп, ага өлкөнүн ички коопсуздугуна байланыштуу маселелер жүктөлгөн.

Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо, экстремизмге каршы күрөшүү жана өлкөнүн ички саясий коопсуздугун сактоо сыяктуу маселелер каралган. Кеңеш төрайымы – Роза Отунбаева. (КЕ)

XS
SM
MD
LG