Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Райсот БШКнын чечимин туура эмес деп тапты


26-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттикке аттанган Турсунбай Бакир уулу жана Салмоорбек Дыйкановго карата Боршайкомдун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады. 24-сентябрда БШК тиешелүү сандагы кол топтой алган жок деген жүйөө менен аларды жарыштан четтеткен болчу. БШК эми райсоттун чечими боюнча жогорку сотко доо арыз менен кайрылмай болууда. Алардан тышкары, БШК менен учурда дагы алты адам соттошуп жатат. Президенттик шайлоо 30-октябрда болот. БШКдан расмий катталган талапкерлердин саны 20. (RK)

XS
SM
MD
LG