Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Өзбекстан ЮНИСЕФти балдар эмгеги боюнча айыптоолорду иликтөөгө чакырды


Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү булактарга шилтеме жасап, Орусиянын “Регнум” жаңылыктар агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, өзбек Тышкы иштер министрлиги БУУнун балдар уюмунун Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Жан-Мишел Делмотко өкмөт ЮНИСЕФ тандаган аймакта өспүрүмдөрдүн пахта теримге тартылуусу боюнча мониторинг жүргүзүүсүнө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген.

Адам укугун коргоочу эл аралык топтор менен башка уюмдар өзбек өкмөтүн пахта терим учурунда өспүрүмдордү мажбурлап иштеткени үчүн бир нече жылдан бери эле айыптап келет. Мындан улам Батыштын кийим тигүүчү айрым фирмалары өзбек пахтасын сатып алууга бойкот да жарыялашкан. Пахта - Өзбекстандын башкы экспорттук товары.

XS
SM
MD
LG