Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

АКШда каза тапкан кыргыз студентинин сөөгү келди


АКШнын Пенсильвания штатындагы Латроп шаарында кырсыктан каза тапкан кыргыз студенти Адылбек Мураталиевдин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин биринчи катчысы Руслан Маткеримовдун "Азаттыкка" маалымдашынча, Мураталиев АКШга Work and Travel программасы аркылуу барган. Үйлөрдө электр зымдарын туташтырып, оңдоо иштерин аткарган компанияда иштеп жаткан. 19-сентябрда иш учурунда ток уруп, каза тапкан. Аны менен чогуу иштеп жаткан Жоомарт Токтобаев жана Улукбек Жумалиев учурда Питцбург университетинин ооруканасында дарыланып жатышат. Жакын арада аларга операция жасалаары күтүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG