Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Украинада мурдагы өкмөт башчынын соту уланат


Юлия Тимошенконун үстүнөн сот эки апталык тыныгуудан кийин бүгүн кайра жандануусу керек.

Ал 2009-жылы Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматынан кыянат пайдаланган, өлкө үчүн пайдасыз келишим түзгөн деп айыпталууда. Эгер күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Азыркы президент Виктор Януковичке оппозицияда турган Юлия Тимошенконун өзү бул сот жараянды саясий куугунтук катары баалаган. Европа биримдиги жана АКШ украина бийликтерине саясий куугунтукка барбоону эскертишкен.

Украинанын азыркы премьер-министри Николай Азаров Орусияны 2009-жылкы газ келишимин кайра кароого ынандыруу аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG