Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Ливиянын жаңы бийлигинин күчтөрү Сирт шаарына киришти


Бийликтен кулатылган Муаммар Каддафинин кичи мекени ага жан тарткан күчтөрдүн колунда кала берип жаткан эле. Соңку маалыматтарга караганда, Улуттук өткөөл кеңештин аскерлери шаардын чыгыш чет жакасына киришти жана жана ал жерде көчө уруштары жүрүүдө.

"Рейтер" агенттиги чабуул коюп жаткан күчтөрдүн алдыңкы бөлүктөрү шаардын борборуна эки чакырымча калганын кабарлады. Улуттук өткөөл кеңештин Сирт шаарын алуу боюнча буга чейинки аракеттери каддафичилерден айгышкан каршылыгынан улам майнап бербей жаткан.

Каддафиге жан тарткан күчтөрдүн шаардагы турумдарына кечээ НАТОнун учактары да сокку урган. Гуманитардык уюмдар бул шаардагы жарандардын тамак аш жана дары-дармек менен жабдылышы боюнча жаңы тынчсызданууларын билдирүүдө.

Каддафинин кайда экени белгисиз. Кечээ аны өкүлү Каддафи Ливияда эле экендигин жана жаңы бийликтерге каршы күрөшкө салым кошуп жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG