Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басарлыгына коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес иштеген адистер гана дайындала алат. Бул тууралуу мыйзамга бүгүн президент Роза Отунбаева кол койду. УКМКга караштуу Чек ара кызматына мындай чектөө киргизилбейт. Коопсуздук органдарында соңку жылдары атайын адистиги жана тиешелүү тажрыйбасы жок адамдар келип иштеп жатышат деген пикирлер коомчулук арасында көп айтылып келет. (RK)