Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

28-сентябрга карата аба ырайы


28-сентябрда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда гана жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9-14, күндүз 20-25,
Талас облусунда түнкүсүн 4-9, күндүз 20-25,
Баткенде түнкүсүн 10-15, күндүз 21-26 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарныда түнкүсүн абанын температурасы 11-16, күндүз 22-27 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7-12, ал эми күндүз 17-22,
Нарында түнкүсүн 3-8, күндүз 18-23 градус болот.
Тоолордо түнкүсүн нөл градустан 5 градуска чейин суук, ал эми күндүз нөлдөн 5 градуска чейин жогору болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот, күндүз 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 10-12 градус, күндүз 22-24 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG