Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Бишкекте мал доктурлар жыйын өткөрүп жатышат


Бүгүн Бишкекте мал доктурлардын биринчи конгресси өтүүдө. Ош мамлекеттик зоналдык-диагностикалык борбордун директору Ислам Абдымомуновдун "Азаттыкка" маалымдашынча, ветеринардык доктурлар жана аларга кам көрүп, жардам бере турган тиешелүү мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен чогуу иштешүү боюнча жобону иштеп чыгуу зарыл.

Мамлекеттик ветеринария департаментинен "Азаттыкка" маалымдашкандай, Союз учурундагыдай ар бир айылда мамлекеттен каржыланган мал доктур азыр жок. Болгондору айыл өкмөтүнүн балансында турушат. Бирок алардын саны өтө эле аз.

Совет мезгилинде Кыргызстанда 800 баш малга 1 дарыгер жана 1 фельдшер туура келчү. Азыр Кыргызстанда 1,5 миң ветеринар 6 миллионго жакын уй, кой баласы жана чочко, жылкыны тейлейт. Мал доктурлар менен өлкө 30 гана пайызга камсыз болгон. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG