Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Түркия Кыргызстандын карызын кечип, дагы грант берди

Түркия өкмөтү Кыргызстандын 51 миллион долларлык карызын кечти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Анкарада өткөн жолугушуусунда маалым болду. Дагы 10 миллион доллар грант түрүндө берилет. Бул каражат Кыргызстандын бюджетиндеги тартыштыкты жабууга жумшалат. Келдибековдун Анкарага расмий сапары 25-сентябрда башталган. (RK)
​
XS
SM
MD
LG