Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Президент Кытайдын маданият күндөрүнүн ачылышына катышты


27-сентябрда президент Роза Отунбаева А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстанда маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышына катышты.

Кыргызстанда Кытайдын маданият күндөрү 27-октябрдан 30-октябрга чейин өтүп, ал республиканын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык мааракесине жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түптөлүшүнүн 20 жылдыгына арналган.

Кытай делегациясынын курамында 50 адам бар, алардын көпчүлүгүн Кытайда жашаган кыргыздар түзөт. Кыргызстанда Кытайдын маданият күндөрү президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен өтүп жатат жана бул идея мамлекет башчысынын 2011-жылдын 1-2-сентябрында Үрүмчүгө (СУАР) болгон иш сапары учурунда айтылган болчу. (ЕК)

XS
SM
MD
LG