Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Нарын жана Ошто “Мектеп парламенти” долбоору старт алат


Элеттеги балдардын дымагын көтөрүү боюнча Нарын жана Ош аймактарында “Мектеп парламенти” долбоору башталат. Долбоор 177 мектептеги 7-11-класс окуучулары үчүн багытталып, 62 миң окуучуну камтыйт. “Мектеп парламенти” долбоору 3 жылга созулуп, 30 миллион сом жумшалары болжолдонууда.

Долбоордун жетекчиси Элмира Аблекеева “Мектеп парламенти” алыскы райондордогу балдардын өз укуктарын коргоодо, жаңы иш баштоодо, маселелерди чечүүдө билимин арттырууну көздөрүн билдирет.

Долбоор MSDSP KG корунун демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда ишке ашмакчы. “Мектеп парламенти” 2014-жылы жыйынтыкталат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG