Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Укук коргоочулар эл арасында тынчсыздануу бар дешти


Бүгүн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы президенттик шайлоого байланыштуу 15-сентябрдан 25-сентябрга чейинки байкоолорунун алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Коалициянын жетекчиси Динара Ошуракунованын маалымат жыйынында билдиришинче, Кыргызстанда шайлоо алдында кырдаал салыштырмалуу тынч, бирок калк арасында коопсуздук маселеси боюнча тынчсыздануу байкалууда:

Президенттик шайлоо тынч өтсө экен, өлкө түндүк түштүккө бөлүнүп кетпей, шайлоодон кийин карама-каршылыктар чыгып кетпесе экен деген кооптонуулар бар.

Ушул тапта “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын 70тен ашык узак мөөнөттөгү байкоочусу шайлоо өнөктүгүнө көз салууда. Мындан тышкары шайлоо күнү 1600дөй кыска мөөнөттөгү байкоочу өлкө аймактарында иш алып барышат. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG