Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Айжигитов: Казак чек арачылары кыргызстандыктарды урууга акысы жок


Казак бийлиги чек арада кыргыздардын ур-токмокко алынып жатышынын себебин кыргыз жарандарына төңкөп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Султанбай Айжигитов билдирди. "Бирок кандай болгондо да алар биздин жарандарды сабап, урганга укугу жок", - дейт Айжигитов.

Анын айтымында, кыргыз жарандарын чек ара өткөрмөлөрүндө казак чек арачылары жана бажычылары тарабынан мазактоо, уруп-сабоо фактылары аныкталган. Алар боюнча айыптууларды жоопко тартууну кыргыз тарап талап кылат. Келечекте мындай көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн жумушчу топ түзүлөт. Ага Кыргызстандын чек ара жана бажы кызматтарынын өкүдөрү кирет. Алар жогоруда аталгандай фактылар болсо каттап, көзөмөл жүргүзөт.

Учурда өзгөчө оор абал "Ак Жол" өткөрмө пунктунда болуп жатат. Ал жерден Казакстанды көздөй өтөм дегендердин саны суткасына 30 миң адамдай болууда. Көпчүлүгү "Дордойдон" товар ташыгандар жана жашылча-жемиш саткандар. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG