Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

510 граммдык алма Чаектеги сынактын жеңүүчүсү аталды


Салмагы 510 грамм болгон апорт сортундагы алма Нарындын Чаегинде өткөн Алма фестивалындагы сынактын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу бүгүн "Компаньон" компаниясынан маалымдашты. Мындан тышкары алмадан жасалган эң таттуу токоч, эң мыкты сүрөт деген сынактар да өткөрүлдү.

Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынан келип катышкан багбандардын жыйыны 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы фестивалга 200дөй адам катышты. Алма фестивалы алманын мыкты сортторун жайылтып, аны өстүрүүчүлөргө көмөктөшүү жана өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосундагы кызматташтыктын бекемделишин көздөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG