Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:56

Португалияда 40 жылдан бери издөөдөгү адам кармалды

Адам өлтүргөндүгү үчүн кесилген Жордж Райт Нью-Жерсидеги түрмөдөн качып кеткенден бери издөөдө жүргөн. Федералдык иликтөө бюросунун билдирүүсүндө 68 жаштагы Райт Лиссабондун четинде кармалып, эми АКШга өткөрүлө тургандыгы айтылат.

1972-жылы Райт өнөктөштөрү менен дин кызматкеринин кийимин кийип абактан качып чыгып, америкалык учакты уурдап минип алып Алжирге учуп кеткен. Райттын жан-жөкөрлөрү кийинчерек Францияда кармалаган, өзү болсо өткөн дүйшөмбүгө чейин эркиндикте жүргөн.
XS
SM
MD
LG