Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин маселеси ЖКда көтөрүлдү


Ратификация боло элек келишимдин негизинде Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жетекчилиги Түркия тарапка өтүп кеткени сынга алынды. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Каныбек Иманалиев айтты. "Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ректорлук гана эмес, университеттин 100 гектар жери да өтүп кетиптир", - деп билдирди депутат. Бул маселе боюнча өкмөттүн түшүндүрмөсү талап кылынды.
Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, бул боюнча келишим быйыл апрель айында өкмөттөр аралык жыйында кабыл алынган, бирок Жогорку Кеңеш аны азырынча ратификациялай элек.

9-сентябрда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректорлук кызматын мындан ары түркиялык тараптын өкүлү аткара турмай болгонун "Азаттыкка" университеттин коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Бусурманова маалымдаган. "Манас" университетинин Бишкекте ачылганына быйыл 16 жыл болду. Аны Түркия өкмөтү курган жана каржылоонун дээрлик 99 пайызын өз моюнуна алып келатат. Буга чейин университетти кыргызстандык тараптын өкүлү ректор катары башкарып келчү. Жаңыча шартта иштөөнү ушул жылдын апрель айында Анкарада өткөн жолугушуусунда эки өлкөнүн өкмөт башчылары макулдашышкан болчу. Университетте 3,5 миң студент окуйт, алардын 95 пайызы - Кыргызстандын жарандары.
Айрым кыргыз саясатчылар "Манас" университетинин ректору кызматы мурдагыдай эле Кыргызстан тарапта калууга тийиш деп эсептешет. (RK)

XS
SM
MD
LG