Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Кумарканаларды жабуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда Кыргызстанда кумарканалардын ишине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору үч окулушта тең кабыл алынды деп кабарлайт "Азаттыктын" парламенттеги кабарчысы. Мыйзам долбоорунун автору депутат Бактыбек Жетигеновдун "Азаттыкка" маалымдашынча, 107 депутат, башкача айтканда дээрлик көпчүлүк буга макул болп, колдоп беришти. Буга чейин казино, оюн автоматтарын жабууну келерки жылдын 1-июлунан тарта деп сунушталып жаткан. Бирок көпчүлүк 1-январдан баштап эле жабыш керектигин айтты. Эми бул мыйзам долбоору президентке жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчысы туура деп таап, кол койсо, мыйзам ишке ашырыла баштайт. Президент Роза Отунбаева мурдараак кумарканаларды таптакыр жаап салуу мүмкүн эместигин айтып, алардын ишин цивилдүү жолго салыш керектигин белгилеген. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG