Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:00

Москвадагы тергөө абактан эки кыргыз бошотулду


Зордуктоо боюнча кылмышка шектүү деп Москвадагы тергөө абактарынын биринде кармалып жаткан эки кыргызстандык жаран бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Кылмыш иш 1-январда козголгон. Бирок кыргызстандыктардын ага тиешеси жок деген маалыматтар пайда болуп, элчилик кылдат иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Орусиянын Тергөө комитети кошумча иликтөө жүргүзүп, кыргызстандыктардын күнөөсү жок экенин аныктаган. 25-сентябрда ошол аныктаманын негизинде кылмыш иши жабылып, кармалгандар бошотулду.

Кыргыз элчилигинин юристтери учурда Москванын Савелов райондук тергөө бөлүмүнүн кызматкерлерине карата Орусиянын Баш прокуратурасына даттануу арызын даярдап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG