Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Кыргызстандык таамай атуучулар КМШ мелдешинде 2-орунду алды


Кыргызстандык таамай атуучулар КМШга кирген өлкөлөр арасында Тажикстандын Хожент шаарында өткөн чемпионаттык оюнда 2-орунга ээ болгонун "Азаттыкка" бүгүн өлкөнүн таамай атуу спорту боюнча федерациясынан кабарлашты. Мелдеште кыргызстандык Бактыгүл Махмадова алтын жана күмүш, Арзыбек Махмадов күмүш, Сабина Исмаилова күмүш менен коло төш белгилерин алган. Жалпы командадан турган топ 6 күмүш 2 колонун ээси болушту. Жалпысынан кыргызстандык таамай атуучулар13 төш белги менен кайткан.

Кыргызстандын таамай атуу федерациясынын президенти Данил Ибраев алдыда дүйнө оюндары күтүп турганын, эмки жолкусунда кыргыз таамай атуучулары биринчи орунду багындырууга ишенээрин айтты.

Таамай атуу боюнча Хоженттеги мелдеште 1-орунду орусиялык, 3-орунду тажикстандык спортчулар алган. Чемпионаттык оюнга жалпысынан 60тан ашуун таамай атуучу катышкан.

XS
SM
MD
LG