Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Йеменде кагылышуу уланып жатат


Йемен баш калаасы Сане шаарында президент Али Абдалла Салехтин таламдаштары менен каршылаштарынын ортосунда катуу кагылыш орун алды.

Маалыматтарга караганда, Салехтин бир уулу жетектеген республикалык гвардиянын аскерлери менен оппозиция тарапка ооп кеткен генералдардын биринин жоокерлери кагылышкан.

Президенттик сарай тарапта тынымсыз аткылоо жана жарылуунун үнү угулуп турганын күбөлөр маалымдашкан. Азырынча эки тараптан тең жоготуулар тууралуу маалымат жок.

Йеменди 30 жылдан бери башкарып келген Али Абдалла Салех өткөн аптада Сауд Аравиясынан дарылануудан соң кайтып келген. Ошондон кийин жарым жылдан берки толкундоолор басылбай келген бул өлкөдө абал тез өзгөрүп кеткен.

XS
SM
MD
LG