Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Кыргызстан улут аралык мамилелер семинарына катышууда


Бүгүн Санкт-Петербургда расизмге, улут жана этникалык өз ара жек көрүүгө каршы маселелерге арналган семинар өз ишин жыйынтыктоодо. Ага Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жана президенттик аппараттын, жарандык коомдун өкүлдөрү болуп 5 адам катышты.

Турсунбек Акундун "Азаттыкка" маалымдашынча, ал Ош жана Жалал-Абадда болгон былтыркы улут аралык жаңжалдын себептери жана кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берди. Кыргызстанда иштелип чыккан этникалык саясат боюнча концепция тууралуу да баяндама жасалды. Семинарды БУУнун адам укуктары боюнча комиссариаты уюштурган. Анда улут жана этникалык жек көрүүчүлүк, сабырсыздык кылгандарга карата жазалоонун эл аралык эрежелери тууралуу маалыматтар берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG