Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Шайлоо-2011: Катталбагандар боюнча парламенттин токтому чыкты


Президенттикке катталбай калып БШК менен чырлашып жаткандар боюнча акыркы чечимди бүгүн Жогорку Кенеш кабыл алды. Алардын кимиси тил сынагынан өтө элек болсо, өткөрүлүп, ал эми бул сынактан өткөндөрү талапкер болуп катталмай болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКдан маалымдашты. Чырлашып жаткандардын дээрлик көпчүлүгүн БШК 30 миң анык кол топтой алган жок деп маарадан чыгарган. Бирок, райсот да, Жогорку Сот да БШКнын бул чечимдерин туура эмес деген. Шайлоого карата үгүт иштери 25-сентябрдан бери жүрө баштады. Добуш берүүчү күн - 30-октябрь. (RK)

XS
SM
MD
LG