ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

“Биз таза шайлоо үчүн” акциясы жылдырылды

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтчү “Биз таза шайлоо үчүн” акциясын өткөрүү мөөнөтү техникалык себеперден улам жылдырылды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы маалымат таратты. Бул иш-чараны БШК жана “Кылым музасы” продюсердик борбору уюштурууда.

Акция маалында БШК, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү жарандарды шайлоого активдүү катышууга үндөйт. Мындан тышкары бул шайлоонун өзгөчөлүгүн белгилеген анимациялык тасмалар сунушталат. Иш-чара алкагында эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт уюштурулат. (ЕК)
​
XS
SM
MD
LG