Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:33

БШК талапкер Суваналиевге карата эскертүүсүн кайтарды


Бул тууралуу Боршайком бүгүн тараткан маалыматта айтылат.

Боршайкомдун үгүттүн жүрүшүнө көзөмөл салууга байланыштуу түзүлгөн жумушчу тобу президенттикке талапкер Өмүрбек Суваналиев эртелей үгүткө киришкенин белгилеп, 18-сентябрда ага эскертүү берген. БШК анда Суваналиевдин "Алиби", "Фабула" жана "Дело №..." басылмаларына курган соңку маектеринде үгүт бар экенин аныктаганын белгилеген.

БШКнын бул эскертүүсүнө карата талапкер теригип, Биринчи Май райондук сотуна доо арыз менен кайрылып, жеңип алган. БШК бул сот чечимине каршы Жогорку Сотко чыгып, бирок соңку чечим да талапкердин пайдасына чыкты. Жогорку Соттун өкүмүнөн кийин БШК талапкерге карата эскертүүсүн кайтарып алгандыгын билдирип чыкты. (ЕК)

XS
SM
MD
LG