Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Президент Карзай талиптерден биротоло түңүлдү


Ооган президенти Хамид Карзай талиптер менен сүйлөшүү үчүн канча аракет жасалбасын пайда жок, андан көрө Пакистан менен сүйлөшүү зарыл деди. Узак жылдар талиптер менен элдешүү зарыл деп жүргөн Карзай берегидей билдирүүнү 1-октябрда жарыяланган видео кайрылууда жасады.

Карзайдын сөзүнчө, ал жарашуу жөнүндөгү ыкласын сентябрда Ооганстандын экс-президенти жанкечти жардырган бомбадан набыт болгондон кийин өзгөрткөн. Ал ошондой эле талиптердин көсөмү Молдо Умарды жана талиптердин консулун таба албаганын кошумчалады.

Талиптердин жетекчилери Пакистанда жашайт деп айтылып жүрөт.
Ооган өкмөтү жакында Пакистанды өлкөнү пааналаган террорчуларга каршы аракет көрбөйт деп сындаган.

XS
SM
MD
LG