Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:34

Promotank HQA: Акыркы бир жылда коррупция 44% өстү


Promotank HQA компаниясы ишкер коомчулуктун Кыргызстандагы реформалардагы артыкчылыктары жана муктаждыктары аттуу иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында өлкөдө бизнес менен алектенген мекемелердин 89% коррупция акыркы жылда 44% өскөнүн белгилешкен.

Сурамжылоого катышкандардын көбү коррупцияга каршы чараларды каталдантуу аркылуу маселени чечсе болоорун белгилешкен. Паракорчулукка бөгөт кою үчүн андан кийинки чара катары – мамлекеттик каржылык операциялардын ачыктыгын айтышкан.

Аталган сурамжылоосуна катышкандарын көпчүлүгү өлкөдө акыркы 2 жылда болгон реформалар максатына жетпегенин да белгилешкен. Респонденттер апрель окуяларына чейин жана андан кийин олуттуу реформаларды көрө албаганын белгилешип, коррупция ошол эле деңгээлде калганын билдиришкен. Сурамжылоодо салык жана бажы башкармалыктарында, ИИМ жана прокуратура органдарында паракорчулук эң көп катталаары белгиленген. (ЕК)

XS
SM
MD
LG