Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

АКШ Кыргызстанга акысыз дары-дармек берет


Бүгүн Кыргызстанга АКШ Мамлекеттик департаментинин “Үмүт операциясы” программасынын алкагында 10 млн. доллар өлчөмүндөгү медициналык гуманитардык жардам берилет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, акысыз берилип жаткан дары-дармектердин жардамы менен 30 миңден ашуун оорулуулар сапаттуу акысыз медициналык жардам ала алат. Ошондой эле жардам жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган 16 миңден ашык жана 7 миңге жакын көз оорулууга багытталган. Бул иш-чаранын алкагында 6 жана андан жогору жаштагы 100 миң бала алдын ала эмдөөдөн өтмөкчү.

Гумжардам Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын медициналык мекемелерине Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган планга ылайык бөлүштүрүлөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG