Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

БШК бир талапкерди каттоодон баш тартты


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ кечки отурумунда сотто утуп чыккан талапкер Аскарбек Абышевди президенттик жарыштан чыгарды. Буга талапкердин мамлекеттик тил сынагынан өтпөй калганы себеп болду. БШКнын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүн саат тогузда Боршайком мүчөлөрү отурумга чогулуп, анда сотто утуп чыккан сегиз талапкерди каттоо маселесин карашы мүмкүн.

25-сентябрга чейин БШК 20 талапкерди расмий түрдө каттоодон өткөргөн. Ага чейин тогуз талапкерди анык кол топтой албай калды деген негизде каттоодон баш тарткан. Жарыштан четтетилген талапкерлер биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордо жеңип чыгышып, Жогорку Кеңеш да алардын пайдасына чечим кабыл алган.

Мындан улам БШК тогуз талапкердин ичинен тил сынагынан өткөндөрүн дароо каттап, өтпөгөндөрүн экзамен тапшыргандан кийин гана каттаары кабарланган. Сотто утуп чыккан талапкерлер үчүн кечээ 2-октябрда кошумча тил сынагы уюштурулган. (KKs)

XS
SM
MD
LG