Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Үмөталиева: БШКнын чечими мыйзамсыз


Топтолгон колдорду кайрадан текшерип чыгуу тууралуу БШКнын бүгүнкү чечими мыйзамсыз. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттикке талапкер болуп катталам деп БШКга арыз менен кайрылган Токтайым Үмөталиева билдирди. Бул оюн ал бүгүн бере турган пресс-конференцияда да ачыктамакчы.

Токтайым Үмөталиеваны жана дагы сегиз адамды 30 миң кол топтой алган жок деген негизде БШК тил сынагына киргизбей койгон. Бирок Жогорку Сот БШКнын анткенге далили жок болчу деп чечим чыгарган. Кийинчерээк Жогорку Кеңеш да ушундай эле мазмунда токтом кабыл алган. Жыйынтыгында сегизи тил сынагынан ийигиликтүү өтүп, бирөө өтө албай калган. Аталган адамдардын баары 100 миң сомдук күрөөсүн тапшыргандар.

Мыйзам боюнча 100 миң сом тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, тил сынагынан өткөндөр талапкер болуп катталууга тийиш.

Бүгүн БШК жогоруда аталган сегиз адамдын топтоп келген колдорун кайра текшере баштады.

Шайлоо 30-октябрда болот. Үгүт иштеринин башталганына бир жумадан ашты. Расмий катталгандардын саны 20 талапкер. (RK)

XS
SM
MD
LG