Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

Отунбаева: Шайлоого каршы турган саясый күчтөр жок


Өлкөдө шайлоону болтурбоого кызыкдар саясый күчтөр жок. Болгону, талапкерлер ортосундагы атаандаштык гана бар. Мындай оюн президент Роза Отунбаева "Биринчи радиого" берген интервьюсунда билдирди. Президенттин айтымында, шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир катар жыйындар өткөрүлдү. Аларга күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүдөрү катышышты. Роза Отунбаева былтыр кыйла татаал шартта референдум да, парламенттик шайлоо да өткөнүн эскертти.

Учурда БШК менен талапкер болуп каттала албай жаткандардын ортосундагы чырлашууну президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөрдүн аракети катары баалаган ойлор айтылууда. Шайлоо 30-октябрга белгиленген. (RK)

XS
SM
MD
LG