Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:15

Азербайжанда үч оппозиционер камалды


Оппозициянын митинги, Баку, 2-апрель, 2011
Оппозициянын митинги, Баку, 2-апрель, 2011
Азербайжанда апрелде болгон митингдер үчүн үч оппозиционер 2,5 жылга түрмөгө кесилди. Оппозициялык “Мусават” партиясынын төрагасынын орун басары Ариф Хажили, аталган партиянын жаштар канатын жетектеген Турал Аббасли жана Азербайжан Элдик фронт партиясынын мүчөсү Махаммад Мажидлиге “коомдук тартипти бузушкан жана расмий бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүшкөн” деген айып боюнча өкүм бүгүн чыгарылды.

Оппозициянын дагы бир өкүлү, Элдик фронт партиясынын төрагасынын орун басары Фуад Кахраманли шарттуу түрдө кесилди. Ондогон оппозиция өкүлдөрү бүгүн соттун имаратынын жанына чогулуп, президент Илхам Алиевке каршы кыйкырыктарды айтып жатышты.

2-апрелде кармалган дагы алты оппозиционер 1,5 жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG