Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Кыргызстанда дан эгиндери жыйналып бүтүп калды


Республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин 87,2 пайызы жыйналып бүткөнүн “Азаттыкка” Айыл-чарба министрлигинин басма сөз катчысы Кымбатбек Мусаев билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү буудай аянттарынын 94,4 пайызы, арпа аянттарынын 97 пайызы орулуп бүттү. Учурда оруп-жыюу иштери Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда гана уланууда. Быйыл дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 25,8 центнерден айланууда. Октябрдын башына карата өлкө боюнча 847 миң 400 тонна буудай, 256 миң тонна арпа жыйналды.

Кыргызстанда жалпысынан 631 миң 400 гектар кылкандуу дан эгиндери айдалган. Алардын ичинен 377 миң 600 гектарга буудай себилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG