Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:32

№38 мектептеги чатак боюнча эч ким камакка алына элек


Бишкектин №38 орто мектебинде 1-октябрда болгон уруш боюнча азырынча эч ким камакка алына элек. Мектептин 5-6 окуучусун жана спорт интернатынын 2-3 тарбиялануучусун милиция суракка алып, бирок кайра кое берип жатканын "Азаттыкка" Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Шарапов билдирди. Анын айтымында, сурак аяктап, беттештирүү жүргүзүлгөндөн кийин гана баш коргоо чарасы боюнча маселе каралат.

Бишкектеги №38 мектептин окуучулары менен олимпиадалык резервди даярдоо мектебинин тарбиялануучуларынын ортосунда өткөн ишембиде чоң мушташ чыккан. Окуя боюнча эки мектептин жетекчилиги эки башка пикирди айтып, бири-бирин айыптоодо. Олимпиадалык резервдерди даярдоо окуу жайынын директорунун спорт боюнча орун басары Руслан Искенов “бизден төртөө кармалды” деп айткан. (RK/KJ)

XS
SM
MD
LG