Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Ысык-Көл облусунда картошканын баасы төмөндөп кетти


Ысык-Көл облусунда картошканын баасы төмөндөп кеткенине жергиликтүү дыйкандар нааразы болуп жатканын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдайт. Түшүм жакшы, бирок баа арзан болууда. Мындай жагдай суроо-талаптын жоктугунан улам түзүлүп жатканы айтылууда. Ортомчулар мурда картошканы дыйкандардан дүңүнөн сатып алып Орусияга, Казакстанга алып барып сатышчу. Бирок быйыл ал жактан сатып алуучулардан суроо-талап боло элек. Быйыл көлдүн картошкасынын баасы 5-5,5 сом болууда. Былтыр ушул эле маалда көлдүк дыйкандар анын килограммын 10-15 сомдон кем эмес баага сатып жатышкан болчу. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG