Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Жылына 5 миңдей ымыркай тубаса жүрөк дарты менен төрөлүүдө


Жыл сайын Кыргызстанда тубаса жүрөк оорусу менен туулган балдардын саны 5 миңдин тегерегинде болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчисинин орун басары Актай Сарыбаев билдирди. Дүйнөлүк көрсөткүчкө салыштырганда бул 2-2,5 эсеге көп. Бул көйгөйдүн негизги себептери катары тукум куучулук, эненин боюнда бар кезинде стресске кабылып, туура эмес тамактанганы жана сасык тумоого көбүрөөк чалдыкканы айтылат. Ошондой эле экологиянын булганганы жана Кыргызстан тоолуу аймакта жайгашканы да cебепкер фактор катары эсептелет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкандай, жыл сайын өлкөдө тубаса жүрөк оорусу бар 300-400 ымыркай чарчап калат. (MbK/RK)

XS
SM
MD
LG