Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Бишкекте "Хизб ут-Тахрирчи" деп шектелген 2 аял камакка алынды


Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар деп шектелген эки аял камакка алынды, дагы экөө сыртка чыкпоо тууралуу тил кат беришти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен маалымдашты. Диний-экстремисттик идеяларды жайылтканы үчүн аларга карата кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Алар көптөн бери Бишкекте жана Чүй аймагында аялдарды "хизбутчулукка" тартуу менен алектенип келишкени айтылууда. Ушул сыяктуу эле ишмердүүлүккө тиешеси бар деп бир нече аял республиканын түштүк облустарында да шектелүүдө. "Хизб ут-Тахрир" Кыргызстанда тыюу салынган уюм болуп эсептелет. (RK)

XS
SM
MD
LG