Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Милицияны реформалоо боюнча улуттук форум өтөт


12-октябрда Бишкекте кыргыз милициясын реформалоо концепциясына арналган улуттук форум өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн президент Роза Отунбаева ЕККУнун башкы катчысы Ламберт Занньер менен Бишкекте болгон жолугушууда айтты. Президент сот системасын реформалоо укук коргоо системасында өзгөртүүлөрдү жүргүзүүсүз толук кандуу боло албай тургандыгын белгиледи. «Буга байланыштуу ЕККУнун ички иштер органдарын реформалоо долбоорунун жана “Коомдук коопсуздук демилгесинин” келечеги бар экендигин белгилеп койгум келет. Мен бул долбоорлор улантылып, Кыргызстандын муктаждыктарына жараша кеңейтиле тургандыгына үмүттөнөм”, - деди Роза Отунбаева. Улуттук форумга өкмөттүн, парламенттин, бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG