Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Карзайга каршы кутум даярдаган деп шектелгендер кармалды


Ооганстандын Ички иштер министрлиги Кабулда Ооган президенти Хамид Карзайды өлтүрүү кутумун даярдап жаткан деген шек менен 6 киши кармалганын маалымдады. Өлкөнүн чалгындоо кызматы билдиргендей, топ ал үчүн президенттин жан сакчысын жалдаган. Коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Лютфулла Машал кутумчуларды “кооптуу жана катарына мугалимдер менен студенттер кирген билимдүү топ” деп сыпаттады. Анын айтымында, камакка алынгандардын “Ал-Кайида” жана Түндүк Пакистанда жайгашкан “Хаккани” террордук уюшмасы менен байланыштары бар болчу. Карзай ушу тапта Делиде иш сапары менен жүрөт.

20-сентябрда баш калаада Ооганстандын мурдагы президенти, талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн кеңештин төрагасы Бурханиддин Раббанини өлтүрүп кетишкен.

XS
SM
MD
LG